http://www.ktrk.kg/Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

2 Фев , 16:45 1062

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

5-7-февралда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, карга айланат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет. 6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп, өрөөндөрдө түнкүсүн -18 -23, күндүз -8…-13 градус, тоолуу аймактарда түнкүсүн -28 -33, күндүз -12 -17 градус, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -33 -38, күндүз -13 -18 градус суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Тоолуу райондордо, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш, Каракол-Эңилчек жолуна кар көчкү түшүү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу жолдордо автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону айдоочуларга эскертүүдө. 



Новости по дате