http://www.ktrk.kg/"Чыгыш электр" ишканасы акылдуу эсептегичтерди орнотууда

"Чыгыш электр" ишканасы акылдуу эсептегичтерди орнотууда

2 Фев , 17:17 2704

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы эски электр эсептегичтерди алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул багытта “Чыгышэлектр” ишканасы отуз эки миң даана жаңы үлгүдөгү электр эсептегичтерди жаңыртты. 

Эске салсак, бул иштер ишкана тейлеген Тогуз-Торо районунда да жүргүзүлгөн. Адистердин маалыматында эски эсептегичтер 1980-жылы өндүрүштөн чыгып өзүнүн иштөө мөөнөтүн эки эсе өтөп бүткөн. Баардык эсептегичтер “Чыгышэлектр” ишканасынын эсебинен сатылып алынып, ар бир кардарга бекер орнотулуп берилүүдө. Энергетиктер белгилегендей, жаңы жабдыктар так эсептеп, эки тарапка тең жеңил болот. Бул иштер быйыл да жүргүзүлөт.

Новости по дате