http://www.ktrk.kg/Бүгүн Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун сөөгү жерге берилди

Бүгүн Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун сөөгү жерге берилди

3 Фев , 23:21 4348

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн борбор калаа Бишкекте көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун сөөгү жерге берилди. 

Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтобол Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драм театрында өтүп, ага мамлекет жетекчилери, маркумдун жакындары жана жалпы эле замандаштары катышты.

Элибиздин татыктуу уулу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаров 97 жашында дүйнөдөн кайтты.

 Эмгек жолунда ал жөнөкөй мугалимдиктен тартып, кийин 30 жылдан ашык партиялык комитеттерде жетекчилик кызматтарды үзүрлүү аткарган. Чейрек кылымдан ашык кызмат жолунда анын чыныгы жаратмандыгы, эл менен иштей билген, адамдарды ынтымакка, кайратман эмгекке баштай билген уюштургуч сапаттары өзгөчө таасын көрүнгөн.

 Корчубек Акназаровдун ысымы мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу инсандардын катарында Кыргызстандын тарыхына жазылып калат. 

Анын өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга үлгү жана сабак болот. 

Новости по дате