http://www.ktrk.kg/Социалисттик Эмгектин Баатыры К.Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Социалисттик Эмгектин Баатыры К.Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

4 Фев , 9:42 399

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз эли 3-февралда коомдук-партиялык ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатты. Маркум менен коштошуу зыйынатына катышып, сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков: «Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, эчендеген жаш  муундарга өрнөк, мен баш болгон азыркы эл кызматындагы жетекчилерге сабак  болуп кала берет!»- деди. 

Корчубек Акназаров Улуу Ата Мекендик согуштан келгенден кийин, партиялык кызматта үзүрлүү эмгеги үчүн өз учурунда Ленин ордени, “Октябрь революциясы”, “Эмгек  Кызыл Туу”, «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.

Зинакан  Кайыпова, “Биринчи радио” 


Новости по дате