http://www.ktrk.kg/Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди

Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди

4 Фев , 10:08 1154

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Туризмди өнүктүрүүнүн 4 жылдык программасы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Программада жана иш-чаралар планында туристтик тармакты өнүктүрүүнүн локомотиви катары саналган өлкө аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, Программада өлкөнүн артыкчылыктуу саналган жаратылыш жана тарахый-маданий обьектилеринин картасы чагылдырылган, алар атамекендик туризмди өнүктүрүү боюнча негизги түйүндөрдөн болуусу тийиш.

Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 47 пункт камтылган, алардын тийиштүү түрдө аткарылышы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармагы катары саналган туристтик секторду өнүктүрүүнү күчтөндүрүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле, өлкөдө “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүлөт. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Документке ылайык, ишкана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында иш алып барат. Ишкананын максаты туристтик чөйрөдө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчиктеги санаторийлик-курорттук уюмдардын объекттерин сарамжалдуу пайдаланууну ишке ашыруу. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Новости по дате