http://www.ktrk.kg/ Чычкан капчыгайына көчкүдөн коргоочу тосмо курулат

Чычкан капчыгайына көчкүдөн коргоочу тосмо курулат

4 Фев , 10:13 3720

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек — Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайына баасы 40 миллион доллар болгон көчкүдөн коргой турчу тосмо курулат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. 

Долбоор боюнча ал 1 010 метр жерге орнотулуп, жарыктандырылат. Тосмону курууга кете турган 40 миллион долларды Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги төлөп берет. Бул каражаттан долбоорду иштеп чыкканга да акча бөлүнөт. Тосмонун долбоорун CTI Engineering International Co. Ltd компаниясы иштеп чыгат. Алар изилдөө иштерин аяктап, долбоорду даярдашкан.

Новости по дате