http://www.ktrk.kg/Жол кырсыгына кабылгандар арбыды

Жол кырсыгына кабылгандар арбыды

4 Фев , 10:28 563

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Окуучулар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында республиканын бардык мектептеринде түшүнүдүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Билим берүү министрлиги менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде билим берүү мекемелеринде атайын класстан тышкаркы сабактар киргизлген. 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору  менен мугалимдер жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүп, окуучуларды жол эрежесин сактоого үндөп турушат. Ар бир мектепте жогорку класстын окуучуларынан куралган жаш инспекторлор отряды да түзүлгөн.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате