http://www.ktrk.kg/Бишкекке Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий сапар менен келди

Бишкекке Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий сапар менен келди

4 Фев , 13:00 665

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий сапары менен келди. Анын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин марттын аягында күтүлүп жаткан мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Аны менен катар Президент Сооронбай Жээнбеков менен Сергей Лавровдун жолугушуусу пландалган. 

Ошондой эле, Россиянын тышкы иштер министри Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугат. Бул жолугушуулар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири багытта мындан ары өнүгүшүн, евразия чөлкөмүндө интеграциялык бирикмелерди өнүктүрүү багытында эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгын бекемдеп, Борбор Азиядагы социалдык-экономикалык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо алакалары жакшырышын шарттайт.

Новости по дате