http://www.ktrk.kg/АКШда калктуу аймакка учак кулады

АКШда калктуу аймакка учак кулады

4 Фев , 11:06 189

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Калифорния штатындагы Йорба-Линда шаарында учак кишилер жашаган үйлөргө кулады. Бул туурасында РИА Новости "Sun" басылмасына шилтеме кылып кабарлады. 

Окуянын видеосун ага күбө болгон адам социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Аба кемеси эки үйгө келип түшүп, жарылган да андан кийин өрт башталган. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам келген. 

Жабырлангандар туурасында маалымат жок. Басылма окуя болгон аймактан анча алыс эмес аралыкта мектеп жайгашкандыгын кошумча кабарлады.

Новости по дате