
Бүгүн рак илдетине каршы күрөшүү күнү
4 Фев , 11:35
798
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Кыргызстанда рак дартына чалдыккандардын саны 25 миңдей. Мындай маалымат онкологиялык илдеттерге каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында айтылды. Адистердин айтымында, дартты аныктоо жолго салынгандан улам, адамдын залалдуу шишикке чалдыкканы тез билинүүдө.
Маалыматтарга караганда, учурда 25 миң 500 киши онкологиялык оорукананын каттоосунда турат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 4-февралды Рак илдетине каршы күрөшүү күнү деп белгилеген.