http://www.ktrk.kg/Унаа токтотуучу жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси боюнча кылмыш иши козголду

Унаа токтотуучу жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси боюнча кылмыш иши козголду

4 Фев , 14:16 564

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Прокуратура Масалиев көчөсүндө жер астындагы унаа токтотуучу жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бишкек шаарынын прокуратурасы унаа токтотуучу жай социалдык чарбалык кызматы, көрктөндүрүү объектилерин куруу үчүн бөлүнгөн жер мыйзамсыз берилгендиги боюнча текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. 

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын 26-декабрында 0,5067 га жер тилкесин беш жылга берүү боюнча Комиссиянын жыйыны өткөн. Үч баскычта сынак өткөрүлгөн. Башкы прокуратурадан билдиргендей ошол эле учурда комиссия тарабынан Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкесин ижарага берүү тартиби жана шарты боюнча жобо бузулган. Сынактын айрым катышуучуларын алып салуу максатында сынак эки баскычка бөлүнүп өткөрүлгөн. Биринчи этапта үлгү катары берилген сунуштар каралып, анын жыйынтыгында берилген баа боюнча 3 катышуучунун бири сынактан чыгарылган. 

Экинчи баскычтын жыйынтыгы менен мыкты инвестициялык сунуш берди деп комиссия “А” Жоопкерчилиги чектелген коомду жеңүүчү деп тапкан. Бирок сынакка үлгү катары берилген сунуштарды иликтөөдөн соң эки ЖЧК тең 12 жана 9 кабаттуу имарат куруу сунушун бергени аныкталган. Ал эми Бишкек шаардык башкы архитектурасы объект 5-7 кабаттан ашпашы керек деген шаар куруу корутундусун чыгарган. Ошол эле учурда үлгүсү жактырылбаган С.А. шаар куруу корутундусунун талабына туура келген сунуш берген - дейт Башкы прокуратуранын маалымат кызматы. 

Мындан улам, Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мыйзамды одоно бузуп, “А” Жоопкерчилиги чектелген коомго жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алышкан. Бул чогултулган материалдардагы кылмыштын белгилери көрүнүп тургандыктан, иш УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди жана бул материал кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестрине катталды деп билдирет Башкы прокуратура.

Новости по дате