http://www.ktrk.kg/Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

4 Фев , 14:30 1641

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Коопсуздук кеңештин эмгек жамаатына Суваналиевди Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев тааныштырды.

Өмүрбек Суваналиев 1960-жылы 31-июлда Талас шаарында төрөлгөн. Билими жогорку, СССРдин Ички иштер министрлигинин Караганда жогорку мектебин бүтүрүп, укук коргоо багытында билим алган. Мамлекеттик кызматтын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси. Милициянын генерал-майору. 

Эмгек жолун 1977-жылы Караганда жогорку мектебинде угуучу кызматынан баштаган. Күч түзүмдөрүндө бир катар жетекчилик кызматтарды ээлеген. 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңеште депутат. 2005-2006-жылдар аралыгында Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген, 2006-2007-жылдары ИИМдин министринин милдетин аткарган. 2008-2009-жылдары Нарын облустук администрациясын жетектеген. 

2019-жылдын 4-февралында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Новости по дате