http://www.ktrk.kg/Кыргызстандыктарды алдыда катуу суук  күтүп турат

Кыргызстандыктарды алдыда катуу суук күтүп турат

5 Фев , 10:39 598

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызгидрометерология агенттигинин берген маалыматына ылайык 5-9-февраль күндөрү өзгөчө Чүй жана Нарын 

облусунун аймактарында  абанын  түнкү температурасы 25-30 градус, ал эми өлкөнүн түштүк региондорунда 15-20 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Бул күндөру бардык аймактарда мезгил мезгилименен кар жаап жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн. Адистердин айтуусунда мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

Айсулуу Гайбулла кызы “Биринчи Радио”

Новости по дате