http://www.ktrk.kg/Жол эрежесин бузгандарга айып пулдар почта аркылуу жибериле баштайт

Жол эрежесин бузгандарга айып пулдар почта аркылуу жибериле баштайт

5 Фев , 10:53 624

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коопсуз шаар долбоорун ишке ашыруу үчүн учурда эреже бузууларды көзөмөлгө ала турган мониторинг борбору даярдалып, тиешелүү адистер атайын окуулардан өткөрүлүп жаткандыгын Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынан билдиришти. Учурда 10 жерге камералар толук орнотулуп, сыноо иретинде иштөөдө. 

Буга чейинки видео байкоолорго карай турган болсок, авто сүйүүчүлөрдүн көбү токтоочу чийинден өтүп кетишкендиги белгилүү болгон. Жалпы транспорт каражаттарын алсак, 5 пайызы гана жол эрежесин бузуп жаткандыгы айтылууда.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате