http://www.ktrk.kg/УКМК: эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

УКМК: эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

5 Фев , 18:33 590

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдардун  өкүлү КР жараны С.А. кармалды. Ал экстремисттик материалдарды интернет аркылу коомдук тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасын  жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.

Ошондой эле, ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана С.А. берген жасалма документтер менен Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Борбордук Азия мамлекетинин биринин жараны Б.Н. кармалды.

  Азыркы убакта прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар КР УКМК Тергөө-камак жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Новости по дате