
“Айыл чарбасын каржылоо-7” долбоору иштей баштайт
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Быйыл дагы айыл чарбасын колдоо үчүн насыя берилет. Шарттаган буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Документке ылайык, “Айыл чарбасын каржылоо-7” долбоору иштей баштайт. Сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча, мөмө-жемиштер, пахта, тамеки, төө буурчак сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды каржылаш үчүн жана айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү тармагына жылына 6 пайыздык үстөк өлчөмүндө белгиленген. 8 % үстөгү бар насыялар бак өстүрүүчүлөргө, токойчулук тармагында иш алып баргандарга, күнөсканаларга жана башка чарбаларга жана 10 % үстөгү менен насыялар мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүүгө берилет.