http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: баткакка белчеден батырган Озерное айыл көчөлөрү

Элдик репортер: баткакка белчеден батырган Озерное айыл көчөлөрү

5 Фев , 18:00 436

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айыл өкмөтүнө караштуу Озерное айылынын Балыкчы көчөсүнүн ылай-баткак болгон көчөсүнүн абалы тасмада көрсөтүлгөн. Жаан-чачында жөө адамдар эч басалбай кыйналышууда, өзгөчө кары-картаңдар, жаш балдар жана мектеп окуучулары үчүн кыйын болгондугун айылдыктар билдирет.

"Айыл өкмөтүнө айта берип чарчадык, эч бир жыйынтык чыкпай койду. Көчө сары топурак, суу тийгенде минтип эзилген баткакка айланат. Көчөдөн тайгаланып жыгылган учурлар да болду. Баткак жайга чейин кургабайт, такыр айлабыз кетти. Жолдун абалы ушундай, Пригородное айыл өкмөтүнө айта берип чарчадык",- дейт видео жөнөткөн айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате