http://www.ktrk.kg/Тоо-кен тармагынын тоодой кемчилиги

Тоо-кен тармагынын тоодой кемчилиги

5 Фев , 23:52 3884

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаратылыш ресурстарын башкаруудагы башаламандык жоюлбай, өкмөт койгон кен иштетүүгө берилген лицензияларды инвентаризациялоо тапшырмасын аткаруу кечеңдеди. 

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтылган сындардан улам Премьер-министр тармакты тейлеген мекеменин жетекчилерине чара колдонду. 

Өкмөт башчысы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш берип, анын орун басарлары Азизбек Ороков менен Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык кызматтан бошотту.

Кен иштетүү чөйрөсүндөгү коррупция, тармакты артка тарткан көрүнүштөр Коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтылган. Алардын бири лицензия берүүдөгү алешемдиктер. 

Уруксаат кагазына ээ болуп, бирок кенди иштетип экономикага салым кошуунун ордуна лицензияны кайра сатып, акча тапкандар дагы жок эмес. Колдон колго өткөн кен байлыктар өлкө казынасын эмес, тар чөйрөдөгүлөрдүн капчыгын калыңдаткан.

Тоо-кен тармагы өлкө казынасына жыл сайын 12 миллиард сомго жакын каражат берет. 

Талдоочулардын баамында иштетүүгө уруксаат берилген кендердин бардыгы талаптагыдай өздөштүрүлүп, тармактагы ачыктык камсыз кылынса киреше бир топ көбөйөт. Тоо кен өнөр жайында иш алып барган жетекчилер менен бирге укук коргоо органдарына да тапшырмалар берилди. Ишкерди чочулатпаган инвестициялык шарт менен бирге кендерди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетүү талабы катуу. 

Эң негизгиси лицензия жер казынасын иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ тараптарга берилиши керек.



Новости по дате