http://www.ktrk.kg/Мекенге арналган өмүр

Мекенге арналган өмүр

5 Фев , 0:13 741

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

20-кылымдын чыгаан мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиев көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. Бүтүндөй өмүрүн өз элине кызмат кылууга арнаган инсандын мааракеси жогорку деңгээлде белгиленет. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Турдакун Усубалиев өлкөнү чейрек кылым башкарган. Бул аралыкта Кыргызстан союздук республикалардын арасында социалдык, экономикалык жана маданий өсүш жагынан алдыңкы үч мамлекеттин катарына кирген.

Турдакун Усубалиев өлкөнү эң узак башкарган жетекчи. Ал 1961-жылдын май айынан 1985-жылдын ноябрына чейин Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болгон. Өлкөнү индустриалдаштыруу, өнөр жайды өнүктүрүү, ГЭСтерди куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулган.

Турдакун Усубалиев чынчылдык, билимдүүлүк, эмгекти сүйүү, жогорку адамдык парасат жана өлкөгө ак ниетинен кызмат өтөө сыяктуу чыныгы советтик жетекчиге тиешелүү бардык сапаттарга ээ болгон.


Новости по дате