http://www.ktrk.kg/1 метрден ашык кар түшкөн аймакта азыр абал кандай?

1 метрден ашык кар түшкөн аймакта азыр абал кандай?

5 Фев , 23:42 888

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак-Суу районунун алыскы айылдарынын бири шахтерлор айылы Жыргалаңда 1 метр кар жааганына аз эле убакыт болду. 

Айыл элинин билдиришинче жааган калың кар анчейин деле тынчсыздандырган жок. Себеби мындай аба-ырайына жергиликтүүлөр көнүп бүтүшкөн. 

Чатырлар деле ага туруштук бериши керек, себеби бекемделген дешет. 

Ал эми айылдын ички жолдору быйыл жакшы тазаланууда. Себеби жаңы техника алынып, анын жардамы жолдорго эле эмес айрым кар күрөй албай калган картаңдарга дагы тийип жатат.

Айылдагы дагы бир жакшы жаңылык мурда менчик колго өтүп кеткен бала бакчанын кайра мамлекетке кайтарылышы болду. Бул имарат союз мезгилиндеги акыркы салынган чоң имараттардын бири болчу. 

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей айылда алтымыштан ашык балдар бакчага бара албай турушкан. Быйыл эми бир сыйра оңдоп түзөөдөн өткөрүлсө күз айларында балдарды кабыл ала баштайт.

Айыл элин көбүрөөк көптөн бери иштебей турган көмүр шахталарынын тагдыры дагы тынчсыздандырууда. Көмүр шахтылары иштебегендиктен жумушсуздук күч алып турат.

Эске сала кетсек Жыргалаң айылы союз убагында шахтёрлор айылы деп курулган. Кийин көмүр шахталары жеке колго өткөндөн бери жарытылуу иштебей келүүдө.

Новости по дате