http://www.ktrk.kg/ИИМдин иши канааттандыраарлык

ИИМдин иши канааттандыраарлык

5 Фев , 0:12 3443

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн жылдын алгачкы айында 2 000ге жетпеген кылмыш жана жорук катталган болсо, бул көрсөткүч быйылкы бир айдын ичинде 10 000ден ашты. Кылмыштуулуктун көп катталышынын негизги себеби- бул бардык кылмыштардын Бирдиктүү реестрге каттоого алынуусуна жана кылмыштарды жаап-жашыруу көрүнүштөрүнүн азайганына байланыштуу десек болот.

Каталган кылмыштардын саны 7,4% көбөюп, оор кылмыштар жана башка жоруктар азайды. Бул да болсо ИИМдин ишинин натыйжасында деп ойлойм, - деп билдирди Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Кылмыштардын жана жоруктарды бирдиктүү реестрге каттоо жаңы жылдан тартып ишке киргизилди. Бул өз кезегинде кылмыштарды жаап-жашырууга бөгөт коюп, ИИМдин ачык-айкын иш жүргүзүүсүнө жол ачат. Ошондой эле коомчулукта терс пикирлер менен коштолгон жаңы кодекстер боюнча иштөө дагы өз нугунда.

Ошол эле учурда Кашкар Жунушалиев, министрликтин кызматкерлери өзүлөрү себепкер болгон кылмыш иштерин да жашырган жок. 

1 жыл ичинде кыргыз милициясынын кадыр-баркына доо кетирген 6 000ге чукул кызматкер ар кандай тартип жазасына тартылышкан. Алардын арасында мыйзамды жана жаза процессуалдык кодексинин нормаларын бузгандар, кылмышты жашыргандар жана жасалма документ колдонгондор, ошондой эле мас абалында унаа башкарган милициялар бар.

Новости по дате