http://www.ktrk.kg/Токтогулдун Жаңы-Жол айылына таза суу чыгарылды

Токтогулдун Жаңы-Жол айылына таза суу чыгарылды

6 Фев , 10:50 331

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул районунун Жаңы-Жол айылы таза суу менен камсыз болду. Айыл ичиндеги негизги делген 6 көчөгө суу чорголору орнотулуп, алардын аралыгы 70 метрден коюлган. Буга чейин айылда таза суу туруктуу чыккан эмес. Мындан улам, жергиликтүү жашоочулар ичүүчү сууну арыктан жана сай сууларынан ташып ичип келишкен. Быйыл аймактын Кара-Тектир айылына таза суу чыгарылат. Ал үчүн каражат булагы аныкталган.
“Көрүп турасыздар, суу крандары көчөлөргө чыгып калды. Буга чейин таза сууну көрүнгөн жерден ташып ичтик. Азыр эми кыйынчылык жеңилдеп, жакшы болуп калды”,- дейт Жаңы-Жол айылынын тургуну Мирлан Шапкеев. 

“Быйылкы планга Кара-Тектир айылы киргиздик. Анын каржылоосу Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу аркылуу ишке ашканы турат. Долбоору толук бүтүп, атайын экспертизадан өттү. Жакынкы күндөрү иштери башталат. Кара-Тектир айылында 3 миңге жакын калк жашайт”,- деди Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Тойгонбаев. 

Новости по дате