http://www.ktrk.kg/Өзгөн шаары 2023-жылга чейин таза суу менен толук камсыздалат

Өзгөн шаары 2023-жылга чейин таза суу менен толук камсыздалат

6 Фев , 10:50 259

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2023-жылга чейин Өзгөн шаарынын жашоочулары таза суу менен толук камсыз болот. Бул үчүн наркы 11 миллион еврого бааланган долбоор ишин баштады. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү каражаттын 6 миллиону гранттык, 5 миллиону насыя иретинде берилет. Долбоордун жыйынтыгы менен Өзгөн шаарындагы 70 миңдей калкка таза суу берүү жана саркынды суу көйгөйү жоюларын айтышат. 

Байыркы калаада бүгүнкү күнгө чейин агынды суу көйгөйү жолго коюлган эмес. Көп кабаттуу турак жайлар менен социалдык мекемелерде бул үчүн атайын тазалоочу курулма иштеп келген. Долбоордо таза суу үчүн 474 чакырым куур тартуу каралган. Ал эми Өзгөн шаарында азыркы тапта 174 чакырым суу кууру бар.

"Канализация Өзгөн шаарында жок, муну чечүү максатында ушул долбоор иштейт",- деди Өзгөн шаардык “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Камилжан Норузахунов. 

Новости по дате