http://www.ktrk.kg/Кожомкул балбандын музейи ачылды

Кожомкул балбандын музейи ачылды

6 Фев , 10:45 827

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги Спорт сарайында Кожомкул Каба уулунун музейи ачылды. Ачылуу салтанатына Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаттары, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси, спортчулар жана аксакалдар катышты. Музей Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракесинин алкагында түптөлдү.

“Негизги жумуш бүттү. Майда-барат иштер калды, аларды бир жылдын ичинде толук бүтүрөбүз. Музейдеги кымбат баалуу экспонат - бул Кожомкул атабыздын кийимдери эсептелет. Музейге кирүү акысы 20-30 сом”,- дейт Кожомкул Каба уулунун чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов. 

"Спорт ордосунун алдындагы Кожомкул атабыздын эстелиги 2000-жылдары тургузулган эле. Балбандын музейи дагы Спорт сарайында ачылышы - символикалуу. Бул жерде балбандын колдонгон буюмдары сакталат”,- Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Новости по дате