http://www.ktrk.kg/“Манас” үчилтиги боюнча изилденген жаңы эмгектер жарык көрдү

“Манас” үчилтиги боюнча изилденген жаңы эмгектер жарык көрдү

6 Фев , 10:41 2311

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институту кол жазмалар фондундагы жарыялана элек “Манас” үчилтигинин варианттарын, “Манас”, “Сагынбай”, “Саякбай” энциклопедияларын жана “Классикалык изилдөөлөр” аттуу илимий эмгектерди жарыкка чыгарды. 

Академик Абдылдажан Акматалиевдин редакторлугу алдында жарыяланган илимий эмгекке Ыбырайым Абдырахманов, Актан Тыныбеков, Жакшылык Сарыков сыяктуу жыйырмадан ашуун манасчылардын варианттары камтылган. Ошондой эле, китепке кол жазмалар фондунда сакталган манасчылардын эмгектеринин түп нускалары киргизилген.

"Совет мезгилинде "Манас" эпосун изилдегенге идеологиялык жактан кысым күч болгон. Ошондуктан манасчылардын эмгектери изилденбей сакталып келген. Муну Илимдер академиясынын кызматкерлери изилдеп коомчулукка жарыялады", - дейт филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев.

 



Новости по дате