http://www.ktrk.kg/Калың түшкөн кардан улам "Манас" аэропорту ишин убактылуу токтотту

Калың түшкөн кардан улам "Манас" аэропорту ишин убактылуу токтотту

6 Фев , 10:42 632

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Калың түшкөн кардан улам эл аралык "Манас" аэропорту ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады. Буга байланыштуу 10 каттам өз убактысынан кармалууда. Стамбулдан чыккан "Түрк аба жолдору" жана Дубайдан учуп келген "Fly Dubai" компаниясынын аба кемелери Ташкенттин кошумча аэродромуна жөнөтүлгөн. 

Түнкү каттамдардын баары эч тоскоолдуксуз аткарылганы айтылат. Учактардын учуп-конуусу таңкы саат 6.30дан тарта токтотулду. Тилкени кардан тазалоо иштери саат 11.00гө чейин жүрөт.


Новости по дате