http://www.ktrk.kg/Президент Бишкек шаарындагы мектептердин абалы менен таанышты

Президент Бишкек шаарындагы мектептердин абалы менен таанышты

6 Фев , 22:07 3034

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышты. Мамлекет башчысы борбор шаардагы №69 жана №12 мектепке барып, класстык бөлмөлөрдү көрүп, окуучулар менен маектешти. Ал география, математика, немис тили, музыка жана сүрөт тартуу сабактарынын өтүү ыкмасын көрдү. Окуучулар Президент үчүн ооз комузда ойношуп, гимнастика, бий сабактарын көрсөтүштү. 

№12 мектепте Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордогу толук эмес жана ашыкча комплекттенген мектептердин абалы боюнча бет ачар жасады. Маалыматты уккан соң, Президент айрым мектептер 40 пайызга гана комплекттелгенин, ал эми башка мектептерде ашыкча комплекттөө 300 пайызга чейин жеткенин, бул абалды терең талдап, тийиштүү чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи. 

Мектеп директорлору окуу жайлардагы негизги көйгөйлөр - мектептердеги класстардын ашыкча комплекттенгенин жана кошумча окуу корпустарынын жетишпей жатканын айтышты. Мамлекет башчысы мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө коп болуп жатканын белгиледи.


«Бул маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Талдоо жүргүзүлдү. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат», - деди Президент.



Новости по дате