http://www.ktrk.kg/Коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыю салынды

Коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыю салынды

6 Фев , 21:53 556

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы Кодекс боюнча коомдук жайларда чылым чегүүгө болбойт. Бул эрежени сактабагандар ири айыпка жыгылышы мүмкүн. 

Чылым чегүү сиздин ден соолугуңузга зыян экенин Саламаттык сактоо министрлиги ар бир кутуга жазып, эскертип келсе, эми жаңы кодекс боюнча коомдук жайлардан тамеки чексеңиз, капчыгыңызга да зыяны тийиши мүмкүн. 
Мыйзамда тамеки чегүү, анын ичинде кальян жана башка кошулмаларды тартууга толук тыюу:


- бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу, саламаттык сактоо жайларында, өрт чыгуу кооптуулугу жогору жерлерде, май куюучу жайларда, китепканада, көргөзмө залдарында, аудиторияда, ошондой эле маданий жана иш-чаралар өтчү жабык жайларда салынат.
 

Маршруттук таксинин айдоосу чылым чегип жатабы? Андайда айдоочу мыйзамды жана сиздин укуктарыңызды бузуп жатканын билиңиз. Себеби коомдук транспорттордо да тамеки тартканга тыюу салынган. Ошондой эле лифтте, үйлөрдүн подъезддеринде жана элге кызмат көрсөткөн жабык жумуш орундарында чылым күйгүзгөнгө жол берилбейт. 


Новости по дате