http://www.ktrk.kg/"Манас" жана Айтматов атындагы академия ачылат

"Манас" жана Айтматов атындагы академия ачылат

6 Фев , 22:38 1840

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекет башчысынын жарлыгынын негизинде түзүлүп жаткан "Манас" жана Айтматов улуттук академиясы улуттук баалуулуктарды сактоонун жана илимий, маданий иш-чараларды уюштуруунун очогу болушу керек . Мындай пикирлерин чыгармачыл интелигенциянын өкүлдөрү билдиришүүдө. 

Улуттук академиянын ачылышын элибиз эгемендик алгандан берки чоң тарыхый окуя катары бааласак болот. Идеологиябызды күчтөндүрсөк деген каалообуз менен көксөөбүздү эми “Манас” жана Айтматов академиясы ишке ашырышы керек деген ойлорун айтат айрым жазуучулар.

Мамлекет башчысынын идеясы менен уюшулуп жаткан улуттук академиянын уюштуруу комитети түзүлүп, каржы булактары такталса алардын ишмердүүлүгү башталат.

Новости по дате