
Базар-Коргондогу өрт бир адамдын өмүрүн алды
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Базар-Коргон райондук ооруканада 6-февралда 21 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
"Бала 5-февралда катуу күйүк алып ооруканага түшкөн. Аны менен кошо Чарбак айылында коңшу жашаган 14 жана 15 жаштагы балдар дагы жабыркаган. 21 жаштагы жигиттин абалы начар болчу, ал 6-февралда таңкы саат 04.00дө көз жумду. Өспүрүмдөрдүн биринин бети, колу күйсө, экинчисиники буту жабыркаган", — дешти милициядан.
Өрт жабыркагандардын биринин үйүнүн короосундагы контейнерден чыккан. Алдын-ала маалыматтар боюнча өрт бензиндин жанында отту этиятсыздык менен колдонгондон болгон. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.