http://www.ktrk.kg/Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттын көлөмү миллиард сомдон ашты

Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттын көлөмү миллиард сомдон ашты

7 Фев , 14:22 448

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттын көлөмү 1 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Бирдиктүү депозиттик эсеп былтыр июль айында ачылып, ага укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөшүүдө топтолгон каражаттарды которуп келишет. 

Коопсуздук Кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган отуруму 2018-жылдын 8-февралында өтүп, анда мамлекет башчысы тарабынан күч түзүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилген. Сагынбаев анын бир жылдыгына карата өткөргөн маалымат жыйында чуулгандуу иштерди иликтөөнүн жүрүшү тууралуу да айтып берди. 

Маселен Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон 3 кылмыш иши сотко өткөрүлгөн. Ошондой эле мыйзамсыз баюуга шектелген Аскарбек Шадиевдин 1 миллиард 800 миллион сомдон ашык баадагы мүлктөрүнүн камакка алынышы, ири өлчөмдө пара алып жаткан аткаминерлердин кармалышын коррупцияга каршы күрөштүн ийгилиги экенин белгиледи.

Новости по дате