http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

7 Фев , 13:28 627

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 9 кишиден турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алардын жанынан мыйзамсыз курал жана ок-дарылар да табылган. Облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, уюшкан адамдардын тобунда мыйзамсыз ок атуучу курал бар экендиги тууралуу, ошондой эле алар Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап жатканы боюнча криминалдык милиция кызматына маалымат келип түшкөн. 

Тергөө-ыкчам тобу тиешелүү чараларды жүргүзүп, тинтүүгө алган учурда батирде 9 киши болгон. Андан сырткары, эч кандай документи жок, колго жасалган бир даана сайлуу ок атуучу курал, 10-65 калибрдеги 8 даана атууга жарактуу ок - дарылар алынган. Учурда милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

“Кармалган 9 адамдын арасынан бирөө гана соттолбогон, калгандары мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап сот жообуна тартылган атуулдар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгону аныкталды. Дагы бирөөсү абактан качып, издөөдө жүргөн жаран болуп чыкты. Ал жаран Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди. Калгандары боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат”,- деп билдирди Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынын башчысы Мыктыбек Турдубеков. 

Новости по дате