http://www.ktrk.kg/Бир жыл ичиндеги паракорлукка каршы күрөшүүнүн натыйжалары

Бир жыл ичиндеги паракорлукка каршы күрөшүүнүн натыйжалары

7 Фев , 22:32 488

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 7-февралда Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында  экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча, "Дастан" ишканасына карай козголгон кылмыш иштин кайсыл деңгээлде тургандыгы тууралуу маалымат берилди.  

Эгерде кол тийбестиги алынса, экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, мурунку аткаминерлер айыпталып жаткан бир топ кылмыш иштери бар, айрымдары сотко өткөн. "Эгер соттун жүрүшүндө түз же кыйыр көрсөтмөлөр болсо, жоопкерчиликке тартылат, көрсөтмөлөр болсо, иш козголот", — деди Коопсуздук Кеңешинин катчысы. Ал мындай жагдай Атамбаев кол тийбестик макамынан ажыратылса гана, болушу мүмкүн экенин эскертти.

Ушул эле маалымат жыйынында Коопсуздук Кеңешинин катчысы "Дастан" ишканасы тарабынан "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100 пайыз акциясынын сатылышы боюнча кылмыш иштин кайсыл деңгээлде турганын айтты. Тергөө пансионаттын акциясы 47 миллион сомго сатылганын аныктаган. Аудиттик текшерүүнүн алдын ала маалыматы боюнча, пансионаттын жер тилкеси эле 47 миллион сомдон бир канча эсе жогору турган. Бул кылмыш иши боюнча "Дастан" ишканасынын мурдагы директору Васильевге ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу боюнча айып тагылган. Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 82 миллион сом деп эсептелип, сумманын баары мамлекетке кайтарылган", - деген маалымат берилди.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иши боюнча да айтып берди. Эксперттердин жыйынтыгына ылайык, Кулматов айыпталып жаткан иште мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 94 миллион 884 миң сом деп бааланууда. Чогултулган далилдер Билим берүү жана илим министрлиги 128 миллион сомдук гранттык каражатка эки мектептин курулушун даярдаганын аныктаган. 





Новости по дате