http://www.ktrk.kg/Айдоочунун жоопкерчилигин камсыздоо мыйзамы

Айдоочунун жоопкерчилигин камсыздоо мыйзамы

7 Фев , 22:08 406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт айдоочунун жоопкерчилигин камсыздандырууну шарттаган мыйзамдын мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин колдоп жатат. Мындан улам Өкмөт эл өкүлдөрүнүн жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл деген пикирине кошулат.


Мындай пикирин Өкмөттүн Аппаратынын каржы жана насыялык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Самат Кылжыев билдирет. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда, андан соң мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү боюнча чечим кабыл алынат. 


Айдоочунун жоопкерчилигин камсыздай турган милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу мөөнөтү эки жылга узартылып жатат. Анын себеби жыл башынан тарта айып пулдардын, анын ичинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду жогорулатууну караган Кодекс жана мыйзамдардын күчүнө киргенине байланыштуу. Себеби бул унаа ээлерине кошумча каржылык жүктөм болуп калууда. Мындан улам Өкмөт мыйзамдын мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу туура деп тапты.

Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Андан соң документти тармактык комитеттер карагандан кийин жалпы жыйындын кароосуна чыгарылат. Бул кеминде эки айлык убакытты талап кылат. 





Новости по дате