http://www.ktrk.kg/Ош облусунда аймактарды өнүктүрүү аракети күчтөндүрүлөт

Ош облусунда аймактарды өнүктүрүү аракети күчтөндүрүлөт

7 Фев , 22:49 499

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыр Ош облусунда 41 миллиард сомго айыл-чарба продукциясы өндүрүлүп, "Айыл-чарбасын каржылоо" долбоору аркылуу 878 миллион сом жеңилдетилген насыя берилген. Мындай көрсөткүчтөр жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды. 


Ага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Жыйында өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууда чабалдык көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматтардын жетекчилери өкмөт башчынын сынына кабылды. 


Быйыл Ош шаары -Түрк элдеринин маданий борбору деп жарыяланды. Буга байланыштуу калаага миңдеген коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Келгендерге , көргөзө турган Оштогу көзгө басар маданий жайлардын бири мына бул- Токтогул паркы. Аянты 9 гектарды ээлейт. Эс алуу бак жүз жылдыгына карата быйыл биринчи ирет реконструкцияланууда.

Бул үчүн былтыр жергиликтүү казынадан 20 миллиондой каражат бөлүнгөн. Буга эс алуу бакка жарыктандыруу, ички жолдорун жасалгалоо иштери жүргөн. Бирок, таш төшөлмөлөрү али пайдаланууга бериле электе эле минтип, четинен урай баштады.

“Мындай кайдыгерлик мамиле - шаардын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, туристтердин тартылуусуна бут тосот.” Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын коллегиялык жыйынына катышкан учурунда билдирди. Жыйында калаанын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык жыйынтыгы чыгарылды. Өкмөт башчы белгилегендей, экинчи борбор болуп саналган Ош шаары жалпы өлкөнүн өнүгүшүндө социалдык-экономикалык жана маданий мааниге ээ.





Новости по дате