http://www.ktrk.kg/Бишкек шаарында мектеп маселеси курч бойдон калууда

Бишкек шаарында мектеп маселеси курч бойдон калууда

7 Фев , 22:53 3991

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 774 миң орунга ылайыкталган жалпы 2 236 мектеп иштейт. Бирок иш жүзүндө билим алган окуучулардын саны 1 миллион 223 миңге жетет. Мындан улам калк жыш жайгашкан аймактарда, өзгөчө Чүй облусу менен Бишкек шаарында мектеп маселеси курч бойдон калууда. Айрым билим уяларында келечек ээлери билим алуудан аксабасын деп өспүрүмдөрдү үч нөөмөткө бөлүп окуткан учурлар кездешет.




Ак-Өргө конушундагы 960 окуучуга эсептелип курулган мектепте учурда 2500 бала тарбияланат. Айрым класстарда окуучунун саны 40ка чукулдайт. Мындай жагдай билим берүүнүн сапатына кедергисин тийгизбей койбойт.


Конуштагы мектептин эшиги таң эрте 7:30да ачылып, кечки алтыда жабылат. Убакыт туура бөлүштүрүлүп, окуучулар үч нөөмөттө окушат. Ал ортодо ата-энелер балам билимден аксабасын деп баарына кайыл.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча ашыкча окуучу катталган 159 мектеп иштейт. Ошо эле учурда, айрым билим уясында окуучунун саны аз. Билим берүү жана илим министрлиги тең салмактуулукту алып келүүгө аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Жаштар өлкөнүн жаркын келечеги. Келечек муун өкүлдөрүнө сапаттуу билим берүү менен мамлекеттин татыктуу өнүгүүсүнө салым кошуучу муунду тарбиялоо тууралуу мамлекет башчысы да Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышкан учурда белгиледи.



Новости по дате