http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда биринчи инклюзивдик музей мейкиндиги

Кыргызстанда биринчи инклюзивдик музей мейкиндиги

8 Фев , 10:01 1321

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

8-февраль 2019-жылы, жума күнү саат 15:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасында биринчи инклюзивдик арт мейкиндигин түзүү боюнча долбоордун презентациясы өткөрүлөт. 

Долбоордун негизги максаты ар бир адам эркин, эч бир социалдык жана коммуникативдик тоскоолдуктарсыз музейди көрүүлөрү үчүн жана уникалдуу көркөм чыгармалардан ырахат ала тургандай жеткиликтүү жана универсалдуу аянтчаны түзүү болуп саналат. 

Долбоордун расмий презентациясына долбоордун негизги бенефициарлары – азиз майыптар, алардын достору жана туугандары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен иш алып барган коомдук уюмдар, Эмгек жана Социалдык Өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, КР Жогорку Кеӊештин депутаттары жана долбоордун негизги өнөктөштөрү чакырылды.

Бул долбоор «Майыптыгы бар адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн искусство аркылуу кеӊейтүү менен: музей экспонаттарын тифлдик комментарийлөө» программасынын алкагында "Сорос-Кыргызстан"Фондунун «Жаштар демилгелерин колдоо фондунун»(YAF) каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. 

Маалымат үчүн:Азыркы учурда КР Кыргызстандагы Азиздер жана Дүлөйлөр коомунун маалыматтарына таянсак өлкөдө болжол менен 5000 көзү азиз адамдар бар. Алардын көпчүлүгү билим ала алышпайт, алар үчүн саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө жана маданий кызматтары, ошондой эле, өлкөдө өтүп жаткан көӊүл ачуу иш-чаралары толук жеткиликтүү эмес. Мунун негизги себептеринин бири алардын көздөрү көрбөгөндүктө эмес, тескерисинче, коомдук чөйрөдө болуп саналат. Анткени коомдо жашоодогубардык маанилүү процесстер жана тажрыйбалар дээрлик визуалдык элементтер аркылуу берилет, башкача айтканда, көзү азиз адамдар үчүн ылайыкташтырылган эмес.

Эгерде өнүккөн өлкөлөрдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алууга аракет кылышса жана алардын коомго толук интеграцияланышы үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүп беришсе, ал эми Кыргызстанда көпчүлүк коомдук маданий жайлар азыркыга чейин артыкчылык алышкан адамдардын бир аз тобу үчүн гана колдонулуп жатат. 

Инклюзивдик коомду бардык адамдардын муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын биздин ар түрдүү экендиктерибизге карабай эске алган универсалдык дизайндын принциптерине ылайык түзүү өлкө жана анын адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу милдет бойдон калышы керек деп ишенебиз. 

Новости по дате