http://www.ktrk.kg/Балбан Акжол Махмудов бутунан жаракат алып, операцияга муктаж

Балбан Акжол Махмудов бутунан жаракат алып, операцияга муктаж

8 Фев , 14:09 436

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балбан Акжол Махмудов бутунан жаракат алып, ага операция жасатуу талап кылынууда. Бул маалыматты спортчунун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов тастыктады. Анын айтымында, Махмудов машыгуу учурунда футбол ойноп жатып жабыркаган. Тизесинин тарамышы үзүлүп, кемирчеги жабыркаган. 

Ошондой эле, учурда Акжол Махмудов ооруканада эместигин жана өзү басып жүргөнүн айтты. Операция ийигиликтүү аяктаса эки-үч айдан кийин кайра күрөшкө чыга ала турганын билдирди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги балбандын Германиядагы операциясына 1,5 миллион сом керектелиши мүмкүндүгүн айтууда. 

Акжол Махмудов өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. Соңку ирет өткөн айда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып баш байгени уткан. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси.



Новости по дате