http://www.ktrk.kg/Кубанычбек Кулматовго карай козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыктары

Кубанычбек Кулматовго карай козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыктары

8 Фев , 21:56 560

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эки мектеп курууга эсептелген каражат, бир мектепти салууга да жетпей калган. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында Бишкектин мурдагы мэрине байланыштуу козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди. 2 миллион доллар гранттан сырткары Кубанычбек Кулматов бюджеттен да кошумча каражат бөлдүрткөн. Учурда баш калаанын мурдагы башчысы УКМКнын тергөө абагында жатат.

Баш калаанын коррупцияга шектелген мурдагы башчысына карата кылмыш иши май айында козголгон. Кулматов “Калыс-Ордо” конушундагы мектепти курууда бир нече мыйзам бузууларга жол бергени айтылган. Жылуулук электр борборун модернизациялоого алынган каражаттын эсебинен мектеп салуу каралган. УКМК курулушка көзөмөл жүргүзгөн шаар бийлиги ТБЕАден алынган акчаны “Альто-групп” ишканасына мыйзамсыз которгон деп эсептейт. Буга чейин иликтөө иши аяктаганы кабарланып, коопсуздук кызматы анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялаган.
Мамлекеттик сатып алуулар жана курулуш боюнча мыйзамдардын талаптары сакталган эмес. Уруксаат берүүчү жана башка документтерсиз, тендер өткөрүлбөстөн коррупциялык схема менен курулуш жүргүзүлгөн. 660 орундуу мектеп үчүн TBEA компаниясынан берилген 2 миллион доллар гранттык каражат жана шаар бюджетинен 114 миллион сом сарпталган. Тергөө иши мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 95 миллион сом экенин аныктады.
Кулматовдун ишине байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы да билдирүү жасады. Анын айтымында ТБЕАдин гранттык каражатына аймактарда эки мектеп куруу максат кылынганына карабай, Кулматовдун аралашуусу менен бир мектепти салуу да соңуна чыккан эмес. Курулуш бюджеттен дагы акча бөлүнгөндөн кийин гана бүткөрүлгөн.

Соңку учурларда коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин көпчүлүгү курулуш жүргүзүүдөгү бааны жогору көрсөтүүгө байланыштуу болууда. Бул паракорлуктун дал ушундай түрү өлкөдө терең тамыр жайганынан кабар берет. Кулматов коррупцияга шектелип камакка алынгандан кийин, анын жарандыгына байланыштуу да кылмыш иши козголгон. УКМК экс-мэр Кыргызстандын атуулдугун мыйзамсыз алганын, өзүнүн Орусиянын жараны экенин жашырып келгенин билдирген.



Новости по дате