http://www.ktrk.kg/Көмүскө экономика менен аткезчиликке бөгөт коюу тапшырмасы берилди

Көмүскө экономика менен аткезчиликке бөгөт коюу тапшырмасы берилди

8 Фев , 22:21 663

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын ишин кескин сынга алып, бир катар тапшырмаларды койду. Анын негизгилеринин бири - быйыл салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жумуштары ыкчамдатылмай болууда. Антпесе көмүскө экономиканын көрсөткүчү 30 пайыздан жогорулады, деген Премьер-министр анын кесепетинен салык төгүмдөрү мамлекеттин казынасын айланып өтүүдө дейт.

Өкмөт башчы мына ушул он-лайн көзөмөл кассалык машиналары, электрондук эсеп кагаздары боюнча иштер так аткарылбагандыктан кетирилип жаткан кемчиликтер көп экенин ага кошо салык кызматынын ишиндеги дагы бир катар чекиликтерди санап өттү. Премьер-министр бюджетке түшүп жаткан салыктын 52,7 % салык кызматы тарабынан чогулган каражаттар экенин айтып, кеп анын сапатында болуп жатканын белгиледи. Аткезчиликтин айынан салык казынаны кыйгап өтүүдө.
Аткезчиликтин көрсөткүчү 30-40% болуп жатканын айткан Өкмөт башчы анын айынан айлык акыны, пенсия, жөлөк пулду көтөрүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты. Бул орто эсеп менен 20 млрд сомдой каражат бюджетке түшпөй жатат дегендик. Премьер-министрдин пикиринде салык жол-жоболорун фискалдаштыруу менен аткезчиликке бөгөт койсо болот.

Ошол эле учурда Өкмөт башчы көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жумуштарын күчөтүү зарылдыгын да белгиледи. Антпесе көмүскө экономиканын көрсөткүчү 30 пайыздан жогорулады. Бул да мамлекеттин казынасына бир канча суммадагы каражат түшпөй калып жатат дегенден кабар берет.

 Салыктын ачыктыгын камсыздоо максатында жакынкы күндөрү онлайн контролдук кассалык машина аркылуу соода түйүндөрүндө сатылган товарлар боюнча маалыматтарды алуу максатында салык кызматында заманбап 11 сервердик жабдуу жана 400гө жакын компьютер орнотулат. Буга чейин мындай жабдуулардын эскилигине байланыштуу салык кызматына көп соода борборлорундагы соода-сатык боюнча маалыматтар кеч жетип келген. Учурда 14 миң салык төгүүчү ККМ онлайн менен иштейт. 



Новости по дате