http://www.ktrk.kg/"Жерүй" кени жергиликтүү социалдык абалы оор үй-бүлө мүчөлөрүн ишке алууда

"Жерүй" кени жергиликтүү социалдык абалы оор үй-бүлө мүчөлөрүн ишке алууда

8 Фев , 23:16 504

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таластагы "Жерүй" кениндеги жумуш орундарга биринчи кезекте дубандагы социалдык абалы оор үй-бүлөлөр тизмеге кирет. Мындай талапты облустун жетекчилиги кенди иштеткен компанияга сунуштаган. Бул кеңсе "Жерүй" алтын кенин иштеткен ишкананын Таластагы кеңсеси. Мында кенге иштөөнү каалагандардын арбын карааны эртеден бери суюлган жок. Себеби, кыска мөөнөттүү кесиптик окууга кабыл алуу өнөктүгү аяктап жатат.
Азырынча "Жерүй" алтын кени толук ишке кире элек. Ушул жылдын ноябрь айында ишке киргизүү мерчемделген. Жумуш башталса миңдеген иш орундары ачылат. Мындан улам кенге орношууну каалаган жергиликтүүлөрдүн баяндары эмитен эле текчелерге толду. Облус жетекчилиги иш берүүчүлөргө кайрылып, эң алды социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн ишке тартууну сунуштаган. Учурда айыл өкмөттөр тизмелерди тактап жатат.

Дал ушул шарт менен Жерүй алтын кенине ишке орношкондордун катарында Майрамбек Жуманалиев да бар. Ал 7 айдан бери кенде айдоочу болуп иштейт. Айтымында иштөө үчүн документ тапшыргандан көп өтпөй эле ишке чакырылган. Компаниянын Майрамбекти тез арада ишке алуусуна, анын үйүндө мүмкүнчүлүгү чектелген эже-карындашы жана төшөктө жаткан атасы себеп болду. Анткени Майрамбек үй-бүлөсүндөгү жалгыз гана камкор.
Ал арада кенди иштеткен компания 2018-жылда аткарган иши боюнча эл алдында отчёт берди. Белгилей кетсек, 2015-жылы облуста атайын фонд негизделген. Фонддун каржылоосу менен ушул тапка чейин социалдык багыттагы 164 долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. 



Новости по дате