http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад облусунда 19 миң баланын ата-энеси ички жана сырткы мигрант

Жалал-Абад облусунда 19 миң баланын ата-энеси ички жана сырткы мигрант

9 Фев , 18:25 442

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таш-Көмүр шаарында өгөй ата мас абалында кызын ур-токмокко алганы боюнча факты катталып, учуруда милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов балдарга карата зомблукту алдын алуу боюнча өткөрүлгөн облустук штабдын ишинин жүрүшүндө билдирди. 

Тиешелүү адистер катышкан жыйында балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча комплекстүү иштерди алып баруу жолдору талкууланды. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабековдун маалыматына ыйлык, атайын иштердин натыйжасында облус боюнча 19 миң баланын ата-энеси ички жана сырткы мигрант болуп жүргөнү аныкталган. Белгилүү болгондой, былтыр Жалал-Абад облусунда балдарга карата болгон зомбулук боюнча 6 факты катталып, алардын бирине кылмыш иши козголгон.

“Биз тактап чыккан учурда көпчүлүк балдар чоң ата, чоң энесинин жана башка жакындарынын колунда тарбия алып жаткандар экен. Ошол балдар менен тыкыр иш жүргүзүп атабыз. Деги эле балдардын зордук зомбулукка душбар болбошу үчүн комплекстүү иштерди жүргүзүү тапшырмалары коюлду”,- дейт Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков. 
“Балдарга карата зомбулукту алдын алуу бир эле милициянын иши деп айтууга болбойт. Бизге коомчулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, имамдар андан башка кызматтар жардам бериш керек. Ошондо гана натыйжа болот. Милиция толук кандуу иш алып баруу мүмкүн эмес экен. Бирок ага карабастан иштеп жатабыз. Ошол миграттын баласы жашаган үйгө тиешелү кызматтар менен үймө-үй кирип, алар менен иштеп атабыз”,- деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов. 

Новости по дате