http://www.ktrk.kg/Балыкчы шаарынын прокурору жана жардамчылары кызматтарынан алынды

Балыкчы шаарынын прокурору жана жардамчылары кызматтарынан алынды

9 Фев , 16:07 427

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башкы прокурордун буйругу менен Балыкчы шаарынын прокурору, анын жардамчысы жана стажеру кызматтан алынды. 2018-жылы 23-декабрда Балыкчы шаарында шаардык прокуратура кызматкерлери жол күзөт кызматынын кызматкери менен мушташып, милициянын сержанты ооруканага түшкөн. 

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкери тарабынан да, прокуратура кызматкерлери тарабынан да мыйзамсыз иш-аракеттер болгону аныкталган.

Окуя болгон күнү Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ("Кызматтык укуктарынан аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголгон.

Новости по дате