http://www.ktrk.kg/Аскер прокуратурасы Дамир Мусакеевге коюлган айып боюнча түшүндүрмө берди

Аскер прокуратурасы Дамир Мусакеевге коюлган айып боюнча түшүндүрмө берди

9 Фев , 18:22 585

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аскер прокуратурасы УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевге коюлган айып боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта, Мусакеев 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган. 

"Турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуп, узак мөөнөттөн бери күтүп кезеги келгендерди эске албай, акыркы кезектеги кызматкерлерге батир берген. Мындай мыйзамсыз жол менен 15 кызматтык батир берилген, анын ичинде мурда алган үч кызматкерге экинчи ирет кайталап берип салган", - деп билдирет прокуратурадан. 

Мунун кесепетинен алдыңкы кезекте турган, чынында эле турак жайга муктаж 18 кызматкер үй ала албай калган. Укугу бузулган жабырлануучулар УКМКга арыздангандан кийин кызматтык териштирүү жүрүп, аталган фактылар аныкталган.

"Мындан улам Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Дамир Мусакеев Кылмыш кодексинин 320-беренеси боюнча ("Кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген") шектелип, ага кабарлама тапшырылды. Ал мыйзамсыз иштери менен мамлекеттик бийликтин беделин түшүрүп, жарандардын мыйзамдуу түрдө корголушу жана социалдык адилеттүүлүк боюнча ишенимин кетирди", - деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин да ушул сыяктуу мыйзам бузуулар катталган. "Турак жайларды мыйзамсыз бөлүштүргөн деп Коргоо министри Өмүралиев жана орун басары Капаров баштаган министрликтин жогорку кызматтарында иштеген бир топ кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, ар кандай жаза берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Новости по дате