http://www.ktrk.kg/Бишкектин жаңы конуштарындагы көйгөйлөрдү чечүү жана жаштарды колдоо аракети көрүлүүдө

Бишкектин жаңы конуштарындагы көйгөйлөрдү чечүү жана жаштарды колдоо аракети көрүлүүдө

9 Фев , 18:24 607

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын жаңы конуштарында социалдык жана гендердик теңчиликти бекемдөө аркылуу ынтымакты чыңдоо долбоору иштеп жатат. Анын алкагында борбор калаадагы он жаңы конуштун жаштар лидерлери, жергиликтүү жамааттардын активисттери менен жумушчу жолугушуу өттү. 

Долбоор "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашып, БУУнун калк фонду жана наркотиктерге каршы күрөшүү башкармалыгы жана ЮНИСЕФ тарабынан каржыланууда. Максаты - жаңы конуштардагы социалдык маселелерди чечүү жана жаштарды колдоо болуп саналат.

"Ошондой эле Саламаттыкты сактоо боюнча иштер бар. Бул жаатта жаңы конуштардагы медициналык мекемелердин материалдык техникалык базасын чыңдоо иштери жүрөт. Андан сырткары, жаштардын демилгелерин колдоо боюнча долбоорлор бар. Бул жаата спорттук аянтчаларды куруу. "Жеңиш" жаңы конушунда спорт зал ремонттолуп, пайдаланууга берилди",- деп билдирди  "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун координатору Чынара Абдыраимакунова.

Новости по дате