http://www.ktrk.kg/Бишкек шаарында бал жарманкеси өтүүдө

Бишкек шаарында бал жарманкеси өтүүдө

9 Фев , 18:08 966

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында бал жарманкеси өтүп жатат. Ага экологиялык таза, балдын түрлөрү коюлган. Балчы Чолпон Тургунбаева Токтогул районунун Ала-Тай жайлоосунда өндүрүлгөн балдын бир канча түрүн көргөзмөгө койду. Бул жайлоо Токтогулдан 450 чакырым алыстыкта жайгашып, унаа каттабаган, адам буту баспаган ажайып жер.

Көргөзмөгө ондогон жылдар бою балчылык менен жан баккан, кесипкөйлөр келип, өздөрүнүн табийгый таза өндүрүмдөрүн калаа тургундарына сунуштап жатышат. 

Максудин Түркбаев уулдары менен Токтогул жана Ат-Башынын жайлоолорунан бал өндүрүшөт. 30 жылдан бери аарычылык менен оокатын кылып, дасыккан адис балдын түрлөрүн кардарларга түшүндүрүп жатат. Анткени ар биринин адамдын кайсы бир органына дарылык касиетин берет.

Бал жарманкеси 10 жылдан бери, жыл сайын 2-3 ирет өткөрүлүп турат. Жарманкеге Кыргызстандын жети дубанынан жыйырмадан ашык балчы катышып жатат. Көргөзмөгө балдын жүздөн ашык түрү коюлган. Бал көргөзмө Кожомкул атындагы спорт сарайында 17-февралга чейин уланат.


Новости по дате