http://www.ktrk.kg/ИИМ: кумар оюндарын ойноочу көмүскө жайды аныкташты

ИИМ: кумар оюндарын ойноочу көмүскө жайды аныкташты

11 Фев , 9:55 254

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарында жайгашкан имараттардын биринен белгисиз жактардын тобу уюштурган кумар оюндарын ойноочу жабдыктарды жана компьютердик тармактарды колдонуу аркылуу кумар оюндарынын көмүскө жайын аныкташты.

Маалыматка ылайык, көмүскө жайда өздөрүнүн тааныштарын киргизип, купуялуулукту сактап келишкен.

Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Новости по дате