http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар": 12-февралдан тартып камералар жети эреже бузууну аныктайт

"Коопсуз шаар": 12-февралдан тартып камералар жети эреже бузууну аныктайт

11 Фев , 13:40 1132

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 11-февралда жолдогу кырсыктарды азайтуу жана коррупцияны тыюуга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачары болот. Анда долбоордун алкагында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын мониторинг борбору, анын ичинде аппараттык-программалык комплекс жол кыймылынын эрежелерин бузууну кантип аныктай турганы коомчулукка көргөзүлөт.

12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштайт. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. 

Андан соң, тийиштүү кагаздар "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет. Учурда камералар тесттик тартипте иштеп жатат. Ал эми 12-февралдан тарта толук ишке кирет. Биринчи этаптын алкагында камералар Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн 10 кесилишине орнотулган. 



Камералар жол коопсуздугундагы жети эреже бузууну аныктайт:



1. Светофордун тийиштүү чырагына баш ийбөө;



2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;



3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;



4. Светофордун токтотуу белгисиндеги өтүү;



5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерин сактабоо;



6. Ылдамдыкты чектен ашыруу;



7. Автоунаа токтотуучу жерлердин, аялдамалардагы талаптарды бузуу.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын мониторинг борбору башкарат. Мониторинг борбору "жол эрежесинин бузулушу боюнча келип түшкөн материалдарды талдайт. Бул жерде жарандарды кабыл алуу бөлүмү менен байланыш борбору иштеп, ага "100" кыска номери аркылуу байланышууга болот. 

Учурда фото-видео тартуучу камералар сынак тартибинде иштеп жатат. Эртең, 12-февралдан тарта кадимки тартипте иштей баштайт.

Новости по дате