http://www.ktrk.kg/Китеп басып чыгарууда кемчиликтер аныкталып, кылмыш иши козголду

Китеп басып чыгарууда кемчиликтер аныкталып, кылмыш иши козголду

11 Фев , 14:49 327

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Билим берүү жана илим министрлиги китеп чыгарууда кемчиликтерди кетирип, 33 миллион сом чыгым келтирген. Бул маалыматты Башкы прокуратурадан билдирди. Биринчиден, мектеп программасына кирген китептерди басып чыгарууну "БК" ишканасы мойнуна алганы менен, ал коом келишимди бузуп, окуу куралын чыгарууну башка ишканага өткөрүп берген. 

Экинчиден, китепти басып чыгарууну келишим менен моюнга алган ишкана сунуш кылган окуу куралдын туура эмес вариантын Билим берүү жана илим министрлиги бекитип берген. 

Жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана жараксыз китептер басылып чыккан, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Новости по дате