http://www.ktrk.kg/Талапка жооп бербеген менчик бала бакчаларга эскертүү берилди

Талапка жооп бербеген менчик бала бакчаларга эскертүү берилди

11 Фев , 13:45 224

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Стандартка туура келбеген менчик бала бакчаларга эскертүү берилди. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, менчик бакчалар текшерилди. Талапка ылайык келбеген алты бакчага эскертүү берилди. 

Мекеменин адиси Нуризада Касымова учурда мыйзамсыз, лицензиясы жок иштеп жаткан бала бакчаларды аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда текшерүүдөн өтпөй, үйлөрүнө менчик бала бакча ачып алгандар да бар. 

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында 500дөн ашуун бала бакча бар. Бирок бүгүнкү күндө 129 гана бакча лицензия алган. Жакында эле өкмөттөн ар бир аймактагы лицензиясы жок иштеп жаткан бакчаларды аныктап, ага документ алуунун жол-жобосун үйрөтүү, окутуу боюнча протоколдук тапшырма түштү. 

Муну менен мыйзамсыз иштеп жаткандарды жоюуга аракет жасалууда. Мындан сырткары, министрлик билим берүү стандартына өзгөртүү киргизүүнү көздөп жатат. Ага ылайык, тарбиячы балдар менен иштеген адис болушу керек. Эгер педагог болсо атайын курстан өтүү талап кылынат.


Новости по дате